БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстан Глобалдык инновациялык индекс боюнча 7 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Астанада өткөн "Антиконтрафакт-2024" форумунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, иш-чарада ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде 2019-2023-жылдары интеллектуалдык менчик жаатындагы абал боюнча аналитикалык обзор сунушталды.
Документте өткөн жылы Армения Глобалдык инновациялык индекс рейтингинде тогуз позицияга жогорулап 63-орунду ээледи. Кыргызстан жети позицияга көтөрүлүп, 99-орунду алды, ал эми Казакстан үч позицияга өсүп, 78-орунга жетти.
ЕЭКтин экономика жана финансы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун маалыматы боюнча, акыркы беш жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык мыйзам бузуу фактылары катталып, 60 миллиондон ашык контрафактылык товарлар алынган.