БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Ислам Кыдыргычев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашкан акциздик товардын документин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышканы айтылган.
"Тергөөдө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Ислам Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган", — деп жазылган маалыматта.
Аткаминерлер УКМКнын тергөө абагына киргизилди, эми сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.
Эске салсак, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте салыкчылар коррупциялык схема түзгөнүн айтып, түйүндүн учугу жетекчилерине чейин жетиши кытымал экенин белгилеген.