Мөңгү талкаланган. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ж.М.Ш. аттуу шектүү компетенттүү органдар менен макулдашпастан, мөңгүнү талкалап, "Загара-2" кенине жол кура баштаган. Ошондой эле "Кыргыз көмүр" экологиялык экспертиза жүргүзүү суранычы менен Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгына бир нече жолу кайрылып, оң жооп алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада 14 миллион 978 миң сомдук экологиялык зыян (топурактын асылдуулугуна, мөңгүлөргө жана токойго) келтирилгени белгилүү болду.
1 / 2

УКМК билдиргендей, ишкана жол салына турчу аймакта мөңгү жана мореналар бар экенин билген

2 / 2

Экологиялык жана техникалык инспекция уруксат бербегенине карабастан ишкананын түштүк филиалынын мурдагы жетекчиси жолду компетенттүү органдар менен макулдашпай эле салып баштаган

Факт боюнча иш козголуп, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Буга чейин прокуратура мыйзамсыз аракеттен улам 9 миң 392 чарчы метр аянттагы мөңгү талкаланып, жер кыртышы бузулганын маалымдаган.
Депутат Бишкекте көмүр жагууга тыюу салууну сунуштады