Салык кызматынын төрагасы менен орун басары 20-январга чейин камакка алынды

Кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычев 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Абдувапов менен Кыдыргычевдин кармалганын УКМК билдирген. Атайын кызматтын айтымында, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон иштин алкагында кармалган. Аталган иш боюнча алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашкан акциздик товардын документин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышканы айтылган.
"Тергөөдө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Ислам Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган", — деп билдирген УКМК.
Эске салсак, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте салыкчылар коррупциялык схема түзгөнүн айтып, түйүндүн учугу жетекчилерине чейин жетиши кытымал экенин белгилеген.
Мөңгү талкаланган. "Кыргыз көмүрдүн" түштүк филиалынын экс-директору кармалды