БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолду ачты.
Долбоордун алкагында эки чоң көпүрө да салынган: бирөө Кара-Дарыядан өтүп, узундугу 197 метрди түзсө, экинчиси Жазы дарыясынан өтүп, 77 метр узундукта.
“Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүгө жана ары-бери каттоо үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду”, — деди Жапаров.
Ал былтыр Өзгөн шаарынын жана өлкөнүн башка аймактарындагы айланма жолдорду салуу, тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлык чыгарганын эске салды.
“Жолдун мурун шаар аралап өткөн бөлүгүн шаардын четине чыгаруу менен калаадагы тыгын азайып, ичик каттам жөнгө салынат деген ойдомун. Буюрса, мындан ары жергиликтүү элдин убактысын алып, беймазага салган жол кырсыгы жоюлат деп ишенебиз”, — деди өлкө башчы.
Эске салсак, Өзгөн айланма жолу өлкөдөгү биринчи акы төлөнүүчү жол. Андан өтө турган айдоочулар үчүн баалар төмөнкүдөй:
жеңил унаалар менен мотоциклдер үчүн — 200 сом;
чакан жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн — 350 сом;
жүк ташуучу унаалар үчүн — 700 сом.