“Орешник” Беларуска да жайгаштырылат. Путиндин Минскиде жасаган билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 2025-жылдын экинчи жарымынан тарта “Орешник” комплекстери Россия менен Буларустун аскердик техникасынын катарын толуктайт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин Россия менен Беларустун Жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйынында билдирди.
РФ лидеринин Беларусь менен өз ара коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол коюлгандан кийинки билдирүүсү:
“Орешник” системасынын аналогу жок, тобу менен колдонула турган болсо кубаты өзөктүк куралдыкындай эле болот, бирок массалык жок кылуучу курал болуп саналбайт. Биринчиден, соккусунун күчтүүлүгү эмес, жогорку тактыгы менен айырмаланат. Экинчиден, айлананы ууландырбайт, аны жасоодо бир да өзөктүк компонент колдонулган эмес;
Беларуска “Орешникти” жайгаштыруу үчүн инфраструктура даярдаш керек, бул көп күчтү, каражатты талап кылбайт;
Ал Россия Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык маанидеги ракеталык техникасынын комплексине кирет, бирок бутаны Минск өзү аныктайт;
Адистер чече турган бир катар маселе калды, анын ичинде атылуучу эң кыска аралыкты аныктоо бар;
“Орешниктин” аралыгы канчалык кыска болсо, соккусу ошончолук кубаттуу болот
РФ президенти: Батыш Украинадагы чыңалууну атайылап курчутууда