Орбан Украина башынан ээрге кыйшык отурганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Украина 2022-жылы англосакстардын таасиринин астында Россия менен тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартып катуу жаңылган. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Kossuth радиосуна маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20241206/orban-1987682037.html
"Менимче, украиналыктар 2022-жылдын апрелинде Россия менен тынчтыкка келүү мүмкүнчүлүгү бар кезде андан баш тартып туура эмес стратегияны тандап алышкан. Муну алар англосакстардын жетеги менен жасашты", — деди Орбан.
Премьер АКШнын мамелкеттик катчысы Энтони Блинкендин Украинадагы мобилизациялоо курагын төмөндөтүү сунушун "акылга сыйгыс" деп атады.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрында Владимир Зеленскийдин "Слуга народа" партиясынын фракция жетекчиси жана улуттук коопсуздук , коргонуу. чалгын комитетинин мүчөсү Давид Арахамия Украинадагы жаңжал 2022-жылдын жазында эле токтомоктугун айткан. Ал Киев бийлиги Стамбулда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун талабы менен эч бир документке кой койбой, "согушту улантууга" ыктаганын белгиледи.
Сентябрдын башында АКШ мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча мурунку орун басары Виктория Нуланд Украина Стамбул макулдашууларына америкалыктар жана британиялар менен сүйлөшкөндөн кийин кол койбой койгонун кыйыр моюндаган.
Өз кезегинде Россия президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Киевдин ниети болсо Москва сүйлөшүүдөн баш тартпай турганын айткан. Ал мындай диалог Стамбулдагы макулдашуулардын базасында жүрүшү керектигин кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Россия Украинада атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режими тарабынан кордукка, геноцидге кабылган элди коргоо" экенин билдирген болчу. Анын айтымында, бул үчүн "Украинаны демилитаризациялап денацификациялоо, Донбасстын жай тургундарына каршы жасалган кандуу кылмышка жоопкер адамдарды сотко өткөрүп берүү зарыл".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинадагы адам укуктары маселесинде Батыш ооз ача албайт