БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиядагылардын көбү санкциянын алынышы Украина менен тынчтык сүйлөшүүсүнүн бир шарты болуп калышын каалайт эле, бирок Москва өзүнө гана таянып, экономиканы саясатка аралаштырбаган мамлекеттер менен кызматташуу механизмдерин иштеп чыккан оң болорун түшүндү. Бул туурасында РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде айтты.
"Россияда санкциялардын алынышын коюлчу шарт катары карашкан. Санкциялар созула берсе, өзүбүзгө гана таянып, экономика менен саясатты аралаштырбаган, биз менен санаалаш болгон мамлекеттер менен кызматташуу механизмдерин, платформаларын иштеп чыккан ошончолук жакшы болорун түшүнүп жатабыз деп ойлойм", — деген Лавров.
Ал Россия санкцияга кабылгандан бери көп нерсени өздөштүрүп, көзү каныгып калганын белгиледи. лавродун айтымында, чектөөөр АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обамадан башталып, азыркы жетекчи Жозеф Байдендин бийлиги учурунда болуп көрбөгөндөй күчөгөн.
Министр Украинадагы чатак буга чейин РФ лидери Владимир Путин айткан шарттар аткарылса аякта турганын, тагыраагы, бул жерде маанилүү маселе — Украинанын блоктон сырткары турган макамы экенин белгиледи.
"НАТО деген нерсе болбошу керек. Аскердик базалар жайгашпай, украин жергесинде чет элдик аскерлер катышкан эч кандай машыгуулар өтпөшү керек... Путин муну 2022-жылдын апрелиндеги кырдаалдан туруп айткан эле. Андан бери убакыт өттү. Жер бетиндеги болуп жаткан реалдуулуктарды моюндаганга туура келет. Бул — бул чектешкен эле линиялар эмес, Донецк, Луганск республикаларындагы, Херсон, Запорожье облустарындагы референдумдан кийин Россиянын Баш мыйзамында болгон өзгөрүүлөр. Алар учурда биздин Конституцияга ылайык Россиянын курамына кирди. Реалдуулук ушундай", — деди Лавров.
Россия Украинадагы орус тилине, россиялык ЖМКларга, орус маданиятына, украиналык православдык чүркөөгө тыюу салынган мыйзамдардын болушуна макул эмес жана аны кабылдабайт.