БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ошондой эле бул иштин алкагында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак бергени кошумчаланды.
Буга чейин УКМК кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шек санап төрт салыкчыны колго түшүргөн. Кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте салыкчылар коррупциялык схема түзгөнүн айтып, түйүндүн учугу жетекчилерине жетиши кытымал экенин белгилеген.