Сот залында мойнун тилген Имамидин Ташовдун абалы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сот залында мойнун тилип жиберген ишкер Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ал Биринчи май райондук сотунан Клиникалык ооруканага жеткирилген.
"Дарыгерлердин кароосунан кийин бейтаптын жарааты жеңил экени аныкталды. Кан тамырлары жабыркаган эмес. Ага алгачкы жардам көрсөтүлдү. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМК Имамидин Ташов убактылуу кармоочу жайында коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ичин кескилегенин билдирген. Анда Ташов кыйноого дуушар болгонун айтып, атайын кызмат анысын төгүндөгөн.
Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен 22-апрелде кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин кармалган.
Имамидин Ташовдун иши сотко өттү. Ага бир нече айып тагылууда