БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2026-жылдан тарта өзгөчө статусу бар бийик тоолуу, барууга кыйын болгон жана чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнөт.
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Анда төмөнкүлөр каралган:
үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн ар бир балага, алар 3 жашка чыкканга чейин үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жөлөкпул дайындоо
жөлөк пулдун өлчөмү менен тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат.