БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчи кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарда тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылган.
Жумабаев бул кызматты 2019-жылдан бери ээлеп келген.
Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Аман Салиев дайындалды.