БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 7-декабрь, ишембиде, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2...+3 градуска, Ош, Жалал-Абад аймактарында +2...+7, Баткенде +1...+6, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градуска чейин көтөрүлсө, Нарын жергесинде -2...-4 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Борбор калаада күндүн табы 0...+2, Ош шаарында +1...+6 градуска чейин жогорулайт.