Агрардык өлкө болуп эсептелинген Кыргызстанда ирригация маанилүү тармактардын бири. Быйыл айыл чарбаны өнүктүрүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Анда негизинен 5 багыт тандалып алынган, алардын бири дал ушул ирригация. Жарлыкта аткарылчу иштер көрсөтүлүп, пландар бекитилген. Аларга кыскача токтоло кетсек, айыл чарбада сууну сарамжалдуу колдонуу, тамчылатып, жамгырлатып сугаруу усулдарын киргизүү, жер алдындагы суулардын кудуктарын инвентаризациялоо, ички чарбалык ирригациялык объекттерди мамлекеттик менчикке этап менен берүү көрсөтүлгөн.
“Ачык кеп” программасынын алкагында жалпы өлкөдөгү ирригация тармагынын абалы жана бул тармак боюнча президенттин жарлыгындагы көрсөтүлгөн иштер кандай аткарылып жатканы тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын Ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо башкармалыгынын башчысы Зарина Ибраимова жооп берди.