Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи институт макамын алды — эми эмнелер өзгөрөт?

Sputnik
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи институт болуп макамын өзгөрттү. 58 жылдык тарыхы бар окуу жай Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 15-июлундагы токтомунун негизинде ачылган. Ачылган күндөн баштап 200 дөн ашуун окутуучулар миӊден ашуун окуучуларга билим, тарбия беришкен.
Ал эми учурда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору, Педагогика илимдеринин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов жана Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тамара Дилдебек кызы маек курушту.