РФ президенти: Батыш Украинадагы чыңалууну атайылап курчутууда

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Украинадагы чыңалууну атайылап курчутуп жатат, алар кырдаалды трагедияга жеткирди. Бул тууралуу Владимир Путин Россия менен Беларустун Жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйынында билдирди.
“Бизди өзгөчө тынчсыздандырган нерсе — бул Европа чөлкөмүндөгү, атап айтканда, Украинадагы абал. Батыш өлкөлөрү чыңалууну атайылап курчутуп жатышат. Мындай жоопкерчиликсиз саясат дүйнөнү глобалдык чыр-чатактын чегине түртүп жатат”, — деди Путин.
Минскидеги бүгүнкү жыйындын алкагында Россия менен Беларустун ортосунда коопсуздук кепилдиги боюнча келишимге кол коюлат. Ал бардык күчтөрдү, анын ичинде россиялык өзөктүк куралды колдонууну камтыйт.
Россия менен Беларустун союздук мамлекетин түзүү жөнүндө келишим 25 жыл мурун кабыл алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украина менен кепке келүүнүн шарттары тууралуу айтты