Радио

Окоева: быйыл аялдарга карата зордук-зомбулук 37%га көп катталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева өлкөдө кордук көргөндөрдүн 90 пайыздан ашыгы аялдар экенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө бүткүл дүйнөлүк гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында ар кандай иш-чаралар өтүп жатканын Гүлмира Окоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90 пайыздан ашыгы аялдар болууда.
"Жыл сайын жүргүзүлүүчү гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк 1991-жылы биринчи Аялдардын глобалдык лидерлик институтунун активисттери тарабынан негизделип, Аялдардын глобалдык лидерлиги борбору тарабынан координацияланып келет. Быйылкы акция өзгөчө мааниге ээ. 2025-жылы Гендердик теңдикке жана аялдарга карата зомбулукту жоюуга багытталган эң алгачкы эл аралык документтин (Пекин декларациясы) кабыл алынганына 30 жыл болот. Ошонун алкагында бул жылкы өнөктүктүн негизги максаты бардык күчтөрдү мобилизациялоо болуп саналат. Башкача айтканда, бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, бейөкмөт уюмдардан баштап эл аралык өнөктөштөргө чейин тартып, аялдарга жасалган зомбулукка каршы процесстерди тездетүү. Ошондой эле карапайым элди дагы бул маселеде жоопкерчиликтүү болууга үндөп жатабыз. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин дээрлик 90 пайыздан ашыгы аялдар болууда. Жыл башынан бери аялдарга карата 14 миң 293 зордук-зомбулук учуру катталып, былтыркыга салыштырмалуу 37 пайызга көп болуп жатат. Бул көрсөткүч укук коргоо органдарында катталган гана фактылар. Кайрылбаган аялдардын санын кошсок 3-4 эсе көп чыгышы мүмкүн. Эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, аялдар зордук-зомбулукту башынан орточо эсеп менен сегиз жолу өткөргөндөн кийин гана тиешелүү органдарга кайрылат экен. Мен дайыма айтам, зомбулук психологиялык жана экономикалык зомбулуктан башталат. Тилекке каршы, аялдар буга маани бербейт. Качан гана физикалык зомбулукка кабылганда кайрылышат. Ага чейин чыдап жүрө беришет", — деди Окоева.
Ал өлкөдө зордук-зомбулукту азайтууга багытталган өнөктүк 25-ноябрь — Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталганын жана 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктай турганын кошумчалады.