Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: үч жылдан берки согуштан жүдөгөн Украина Россия менен сүйлөшүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Украина үч жылдан бери уланып жаткан согуштук аракеттерден чарчап, Россия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирүүнү мерчемдеп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасындагы макалага таянуу менен РИА Новости жазды.
"Дээрлик үч жылдан берки согуштан Украина чарчап, жүдөп бүттү. Эми Россия менен тынчтыкка келүүгө даяр экенин билдирмекчи", — деп жазылган материалда.
Автор өзүнүн маалымат булагына таянып Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен байланыш түзүү үчүн Вашингтонго барганын билдирди. Муну менен бирге басылма Зеленскийдин Украина НАТОго өтөт деген шарт менен айрым аймактарынан баш тартып сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканын эске салган.
Ал арада Bloomberg да өзүнүн ишенимдүү булактарына шилтеме берип НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте Киевге Москваны кандайдыр бир кадамдарга түртпөгөн коопсуздук кепилдигин берүүнүн варианттарын карашканын билдирди. Анын бири — делимитаризацияланган аймак түзүү.
Бейшемби күнү РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Украина боюнча ортомчулук аракеттерди оң маанайда кабыл аларын билдирген.
Ал эми өткөн жумада Россия президенти Москва буга чейин айткан шарттардын негизинде сүйлөшүүгө даяр экенин эскертти. Чырды жөнгө салуу сунушун өлкө башчы июнда ачыктаган болчу: ага ылайык Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын жаңы региондорунан толугу менен чыгып кеткенден кийин Москва ок атууну дароо токтотуп, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирет. Мындан тышкары, Киев НАТОго мүчө болуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жасап, нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөктүк эмес макамын кабыл алышы кажет. Путин антироссиялык санкциялар да алынышы керектигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Батыш Зеленскийди күнөөлөгөнгө шылтоо издеп жатат