Ташиевдин парламенттеги тамашасы: коррупционерлердин кылмыш кылууга убактысы бар

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам жаңы жылга чейин кабыл алынып калат деп үмүттөнүп жатканын айтты.
Буга чейин УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытында мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Документке ылайык, коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматка алынбай, ал жакта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу жана башка катаал жазалар каралган.
Мына ушул мыйзам долбоору боюнча депутат Дастан Бекешев мыйзам кабыл алынса мүлкүн легалдаштыргандардын тагдыры эмне болоруна кызыкты.
"Бул мыйзам долбоору кабыл алына элек. Ал үч окуудан тез арада кабыл алынып, президент кол коюп берсе мыйзам 2025-жылдан баштап ишке кирет деген үмүттөмүн. Тамашалап айтканда, коррупционерлердин 31-декабрга чейин кылмыш кылганга убактысы бар. Андан кийин айыптар жоюлуп, коррупционерлер камалат", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал буга чейин кармалгандардын 80 пайызы айып төлөп кутулуп кетип жүргөнүн белгилеп, эми андай болбой турганын кошумчалады. Анын айтымында, азыр иштеп жаткан мыйзамдын алкагында коррупцияга айыпталгандардын 80 пайызы айып пул менен чыгып, 13 пайызы гана соттолгон.
Ташиев: коррупционерлер эми сөзсүз түрмөгө отурат, жакындары кызматка алынбайт