"Бул жер тозок экен". Немец жоокеринин 1941-жылы аялына жазган каты

Sputnik
5-декабрь – Россиянын аскердик каармандык күнү. 1941-жылы бул күнү советтик жоокерлер Москванын алдындагы салгылашта контрчабуулду баштаган.
"Бул жер тозок. Орустардын Москвадан жылгысы жок. Чабуул коюп башташты. Саат сайын коркунучтуу кабар келип жатат. Москвадан алып келем деп сага убада берген жибек жана желим өтүк тууралуу жазганыңды токтотчу, суранам. Түшүнсөң, бул жерде өмүр өчүп, көзүм жумуларын сезип турам",— деп жазган немец армиясынын катардагы жоокери Фольтгеймер аялына.
Советтик аскерлердин чабуулу 1942-жылдын жазына чейин уланган.
Бул Гитлердин армиясынын Дүйнөлүк экинчи согуштагы ири жеңилиши эле. Германия СССРди басып ала алган эмес, "Барбаросса" планы ордунан чыкпай калган.