БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары министрлер кабинетине армян жана абхаз номерлүү автоунааларга мунапыс киргизүүнү сунуштады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев бул машиналар өлкөгө коррупциялык жолдор аркылуу алып келинип жатканын белгиледи. Анын айтымында, буга бажычылар, чек арачылар, "Унаа" ишканасынын кызматкерлери жана башкалар тиешелүү.
"Биз бул схеманы изилдеп жатабыз. Бирок факт бар, бул автоунаалар кирип, жарандар айдап жүрүшөт. Ошондуктан бул маселе боюнча өкмөттүк деңгээлде чечим кабыл алынышы керек деген ойдомун", — деди Ташиев.
Эл өкүлдөрү мындай автоунаалардын ээлери мыйзамдаштыруу үчүн 500дөн 1000 долларга чейин төлөөгө даяр экенин айтып, мунапыс берүү бюджетке миллиондорду алып келерин кошумчалашты.