БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Алкоголдук продукциялардын акциздик маркасын алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартуу өтүнүчү менен кайрылышкан.
"Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт. Бул мүмкүн эмес. Анткени менин тапшырмам менен тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышты", — деген өлкө башчы.
Ал ошондой эле салыкчылар жана ак ниет эмес ишкерлер тарабынан мыйзамсыз иштерди жасашына жол бербөө үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштаганын белгилеген.
"Ишкерлерди кошумча чыгымга кептебеш үчүн ошол эле продукциялардагы эски акциздин үстүнө "Учкундан" чыгарылган акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет. Эски продукцияларга акциз чаптоодо бизнесмендердин чөнтөгүнөн бир тыйын кетпейт. Муну бүгүн тыйбай, дагы алты айга уруксат берсек, алты айда алты миллиард акча каражаты мамлекетке түшпөй калат. Бул каражат кайра эле айрым салыкчылар менен айрым ак ниет иштегиси келбеген алкоголдук продукцияны импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө гана түшөт. Андай болбойт!" — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жаңы чыгарылган продукцияларга "Учкундан" басылып чыккан жаңы акциздер чапталарын кошумчалады.