Кыргызстанда жакынкы үч жылда доллардын курсу кандай өзгөрөт? ЕӨБ божомолу

Доллардын сомго карата курсу. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолуна ылайык, орто мөөнөттүү келечекте сом долларга карата бир аз алсырайт.
"Алтынга болгон баа жогорулап турган кезде экспорттун өсүшү, импорттун темпинин жайлашы курстун кармалышына жардам берет. Ал эми узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстанда жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө инфляциянын айырмасы азайгандыктан, сомдун алсыздана турганы болжолдонууда", — деп айтылат маалыматта.
Жылдар боюнча орточо алмашуу курсу (божомол):
2024 — 87,1 сом;
2025 — 87,4;
2026 — 89,7;
2027 — 93,1.
Графиктин фонунда он сомдук монета. Иллюстративдик сүрөт
Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде лидерге айланат. ЕӨБдүн божомолу