Жакынкы жылдарда сом канчага арзандайт. Божомол

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) макроэкономикалык божомолуна ылайык, келерки жылы инфляция 5 пайызга чейин төмөндөйт.
Жылдар боюнча божомол:
2024 — 5,6 пайыз;
2025 — 5 пайыз;
2026 — 5,5 пайыз;
2027 — 6,3 пайыз.
Орто мөөнөттүү келечекте инфляция максаттуу көрсөткүчтүн (5-7 пайыз) чегинде сакталышы болжолдонууда.
"Азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баанын өсүшү ички баага басым жасоону улантат. Эсептик ченди көтөрүү күтүлгөн инфляцияны турукташтырууга жана аны 2026-2027-жылдары орточо 5,9 пайызга жакын кармап турууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жакынкы үч жылда доллардын курсу кандай өзгөрөт? ЕӨБ божомолу