Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде лидерге айланат. ЕӨБдүн божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан жакынкы жылдары экономиканын өсүш боюнча лидерге айланат. Мындай тыянакты Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 2025-2027-жылдарга карата жүргүзгөн макроэкономикалык божомолуна талдоо жүргүзүүдөн кийин чыгарууга болот.
Банк Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстанга сереп салып, материал даярдаган. Биринчи беш өлкө ЕАЭБге мүчө.
Төмөндө Кыргызстан боюнча болжолдоо жана интеграциялык бирикменин башка өлкөлөрү менен салыштыруу:
2024-жыл – 9,4 пайыз өсүш (Армения 6 пайыз менен экинчи орунда);
2025 – 8,7 пайыз (Армения менен Казакстанда 5,5 пайыздан);
2026 — 6,4 пайыз (Казакстан үчүн 5,5 пайыз);
2027 — 5,6 пайыз (Казакстан үчүн 5,5 пайыз).
Эгер Тажикстанды эсепке ала турган болсок, анда 2026-2027-жылдары өсүш боюнча лидерге айланары болжолдонууда.
Пресс-борбор
Импорттон көз карандылык боюнча ЕАЭБдеги эң төмөн көрсөткүч Кыргызстанда