Франция өкмөтү 1962-жылдан бери биринчи ирет ишеним көрсөтүлбөй отставкага кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Франциянын премьер-министри Мишель Барньеге солчулдар партиясы сунуштаган ишеним көрсөтпөө демилгесин параменттин көпчүлүк депутаттары колдоп, чечим кабыл алынды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Вотумду 577 мыйзамчынын 331и колдогон. Мишель Барнье премьерлик орунду бошотууга мажбур болгон. Ал эми өкмөт 1962-жылдан бери биринчи ирет отставкага жөнөтүлдү.
BFMTV телеканалы президент Эммануэль Макрон бул кырдаалдан улам бейшемби күнү элге кайрыларын билдирди. Буга чейин өлкө башчы ушул жуманын аягында Парижде собордун реставрациядан кийин ачыла турган салтанатында "Дональд Трамптын алдында өкмөтсүз турбашы үчүн" премьер-министрди 24 сааттын ичинде дайындай турганы айтылган.
Жогорудагы ишеним көрсөтпөө вотуму жарыялангандан кийин Макрондун оставкасын талап кылыш үчүн да петиция башталган.
"Бул вотумду колдонуп Эммануэль Макронду кеткенге аргасыз кылышыбыз керек. Француздар жерилген жылдар, бардык жерлердеги ийгиликсиз саясаттын жылдары... Ал өлкөгө болуп көрбөгөндөй урулган соккуну шарттады: бөлүп-жарып, кооптуу кылып, эл аралык деңгээлде басынтып, согушка салып, дүйнөдөгү позициясын алсыратып, ЕБ менен НАТОдо Франциянын үнүн өчүрүп, ЕБде талап кылынгандай экономиканын бардык тармагын кыйратып келди. Ал кетиши керек", — деп айтылган петицияда.
ЖМК: Макрон өзүнө жакын чөйрө менен болжолдуу отставкасын талкуулап жатат