Биткоиндин баасы асмандап, жүз миң доллардан ашты

Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Биткоиндин баасы бейшемби күнү рекорддук көрсөткүчкө жетип, тарыхта биринчи ирет 100 миң доллардан өйдө болду. Бул туурасында соода биржаларынын маалыматында айтылган.
Binance криптовалюта биржаларында биткоин азыркы сааттарга карата 103 000 долларга сатылып жатат.
Криптовалюта АКШдагы президенттик шайлоодо Трамптын жеңиши тууралуу маалыматтардан кийин кымбаттай баштады.
Буга чейин Кыргызстан да криптобанк түзүп, криптовалюта менен операцияларды мыйзамдаштырууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга алып чыккан.
Радио
Мамытов: санарип акчаны ишке киргизүүдө Кытай алдыда баратат