БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Сузактагы бала бакчада сабалган бөбөктөрдүн ата-энелери Акыйкатчы институтуна кайрылды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тарбиячылар тарабынан сабалган 2, 3 жана 4 жаштагы балдардын ата-энеси укугун коргоп берүүнү өтүнүп арыз жазган.
"Акыркы күндөрү денеси көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде тарбиячыларынан сурасам, "балдар менен уруша кетишти" деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрда билдик. Учурда балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат", — деген балдардын биринин апасы.
Ал эми экинчи эне 700 сомдон чогултулуп, бакчага камера орнотулганын, бирок ал иштетилбегендиктен бакчанын жетекчиси видеожазууну ата-энелерге көрсөтө албаганын билдирген.
Акыйкатчы тиешелүү маморгандарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө жана бул окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.
Эске салсак, социалдык тармактарда Сузак районунун (Жалал-Абад облусу) Октябрь айылындагы №1 "Кенжетай" балдар бакчасынын тарбиячылары кичинекейлерди сабап жаткан видео тараган. Ал эми Башкы прокуратура бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон.