6-декабрга карата аба ырайы

6-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаап, айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу региондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас аймагында 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7 жылуу болсо, Нарын жергесинде -1…-6 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +7…+9 градус жылуу болору болжолдонду.
Күн катуу сууйт! Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү