«Алданганмын» фильми кыргыз ырчыларынын көшөгө арт ындагы жашосун канчалык көрсөтүп бере алды?

Sputnik
Бул сапар сиз күткөн “Стоп кадр” программасынын алкагында “Алданганмын” тасмасы тууралуу сүйлөштүк. Аталган кино 12-декабрдан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Башкы каармандын ролун ырчы Малика Дина аткарган. Режиссердун айтымында, бул долбоор кыргыз шоу бизнесинин көпчүлүккө маалым боло бербеген тарабын чагылдырган. Ырчынын көшөгө артындагы жашоосунун көрсөтүп, анын атактуулугу ага ийгилик гана эмес, кыйынчылыктарды да алып келгени баяндалат. Тасма көрүүчүнү музыка, интрига жана азгырык дүйнөсүнө батырып, сахнанын жаркыраган жарыгынын артында катылган эмоцияларды көрсөтөт.