Гайморит өнөкөт оору эмес жана кулактын ириң агышы олутуу оорууларга алып келиши ыктымал

Sputnik
Дарыгерлер мезгил алмашканда ар кандай оорулар козголорун айтып келишет. Айрыкча туруксуз аба ырайынан улам жарандар кулак-мурун дартына чалдыгып, ага көп маани бере бербейт. “Ачык кеп” программасынын алкагында лор-дарыгери Азиза Тилемишовага кулак, мурун жана тамак ооруларына байланышкан бир катар суроолорду узатып, профилактика, оорунун себептери жана дарылоо жолдору тууралуу баарлаштык. Дарыгердин айтымында, гайморит өнөкөт ооруга кирбейт. Ал эми кулактан кээде ириң агып турушу менингит өңдүү коркунучтуу ооруларга кептейт. Андыктан өз ден соолугубузга абай салалы.