Кол өнөрчүлүк менен туризмди айкалыштыруу аракети - маданий туристтик продукт түзүү тууралуу сынактын шарттары

Sputnik
Уникалдуу маданий туристтик продукт түзүү боюнча сынак өтүп жатат. Анын максаты салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап стиль жана рыноктун талаптары менен айкалыштырган оригиналдуу дизайндарды табууну көздөйт. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында дал ушул сынак жана жалпы салттуу кол өнөрчүлүк тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин материалдык эмес маданий мурастар багыты боюнча башкы адиси Атыркүл Сейизова жооп берди.