Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек мэриясы менен жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жыйын өтүп, борбор калаадагы 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишине эстакадалык жол курууну сунушталды. Бул унаага да, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу болору айтылды.
Бишкектеги жол тыгынын чечүү сунушу, коомдук транспортту жакшыртуу боюнча Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу кафедрасынын башчысы Аманбек Алтыбаев жана КМТУ Ташууларды уюштуруу жана транспорттогу башкаруу кафедрасынын доценти Акылбек Арыкбаев маек курушту.