БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЖККУга төрагалыгынын алкагында 2025-жылы киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Sputnik маалымат борборундагы видеоконференцияда билдирди.
“Келе жаткан жылдын ичинде Кыргызстан киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландоодо. ЖККУ өлкөлөрү үчүн маалыматтык коопсуздук бул жалпы коопсуздукту камсыздоочу маанилүү факторлордун бири", — деген Тасмагамбетов.