БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Астанада өткөн ЖККУнун 28-ноябрдагы саммитинде мамлекет башычылар уюмдун максаттарына, милдеттерине берилгендигин жана аймакта бардык жолдор менен коопсуздукту камсыздоого даяр экендиктерин тастыкташты. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Ал 2024-жылдагы иштин жыйынтыгы жана 2025-жылга карата негизги милдеттер тууралуу маалымат берген.
Тасмагамбетов белгилегендей, мамлекет башчылар уюмдун аймагындагы аскердик-саясий абал, анын өнүгүү сценарийлери жана геосаясий өзгөрүүлөр боюнча маселелерди талкуулады. Ошондой эле баш катчынын айтымында, дүйнөдөгү кырдаал ЖККУнун аймагына түздөн-түз таасир этет, саммитте кабыл алынган чечимдер Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылууда чоң мааниге ээ.
Эскерте кетсек, саммиттин жыйынтыгы менен 14 документке кол коюлган.