ЕАЭБде уй этин импорттоо боюнча жеңилдик узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын кеңеши уй этинин импортун бажы төлөмдөрүнөн бошотуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу ЕАЭБдин маалымат кызматы кабарлады.
Кийинки жылы Кыргызстан бажы төлөмүсүз 2,5 миң тонна уй этин импорттой алат (быйылкы квота 3,5 миң тонна болгон).
"Бул чара ЕАЭБ ичиндеги эттин тартыштыгын толуктоого, эт жана колбаса азыктарын өндүрүүнүн өздүк наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле даяр продукциянын кымбаттоосун ооздуктоого багытталган", — деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Анын айтымында, тарифтик жеңилдиктер уй этине гана тиешелүү болуп, кайра иштетүүдө колдонулат. Импорттолгон эттин бул түрү жогорку сапаттагы уй этине кирбейт жана негизинен Латын Америкасы менен Индиядан алып келинет.
ЕЭК министри: 10 жылда ЕАЭБдеги товар жүгүртүү эки эсеге өстү