УКМК жетекчилик орундагы төрт салыкчыны кармаганын кабарлады

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрт башкармалыгынын жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алкоголдук суусундуктарды, кант кошулган продукцияны, тамекини өндүргөндөр жана импортерлор өлкөнүн түштүгүнө товарды жеткирип, андан кийин жүк коштоочу документтерди артка чакыртып алып турган. Ал эми салыкчылар муну көрмөксөнгө салып, быйыл эле жалпы суммасы 3,2 миллиард сомдон ашкан акциздик товардын документин артка чакыртылышын көз жаздымда калтырышкан.
Факты боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде иш козголуп, Салык кызматынын Бишкектеги үч райондук башкармалыгынын жетекчилери жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы колго түшүрүлөн.
УКМК: милициянын подполковниги пара алып жаткан жеринен кармалды