Небензя: сириялык террорчулар Киевден колдоо көрүп жатканын айтып мактанышууда

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Сирияга чабуул жасаган "Хайят Тахрир аш-Шам"* (ХТШ) тобунун согушкерлери Украинанын атайын кызматтарынын колдоосуна ээ экенин айтып, "ачык эле мактанышууда". Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, украин адистери ХТШ террорчуларынын коштоосунда Алеппонун илимий борборунда жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Небензя согушкерлер Украина колдоп жатканын жашырмак тургай мактанып, эрдемсин жатканын белгиледи.
"Сириянын түндүк-батышында жүргөн согушкерлерди курал-жарак менен камсыздоо жана алардын ишмердигин уюштурууда Украинанын башкы чалгын башкармалыгынын изи байкалып жатканына көңүл бургубуз келет. Идлиб провинциясында ХТШ согушкерлерин украин аскер адамдары даярдап келгенин бир нече ирет эскерткенбиз. Россия менен Сирияны жек көргөн украиналык жана сириялык террорчулардын кызматташуусу Украина Куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктоо жана аталган өлкөдөгү россиялык жана сириялык аскерлерге каршы чабуул коюу максатын көздөйт", — деди дипломат.
Небензя Россия буга чейин да Коопсуздук кеңешине "Украина Чалгын кызматынын адистери Идлибдеги согушкерлерди куралдандырып, учкучсуз учуучу аппарат жана GPS-модулдар менен камыздап жатканы" тууралуу маалымат бергенин белгиледи.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм
Сириялык аскерлер террорчулардын сооттолгон колоннасын талкалаганы айтылды