БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Ал кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганы белгиленди.
Мамлекет башчы бул кызматка Равшанбек Сабировду дайындаган. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилиши керек.
Полотова бул кызматка 12-июнда дайындалган. Ага чейин министрдин орун басары болуп эмгектенип келген.