Мамлекеттүүлүктүн символу. Президент "Манас" эпосунун күнүнө карата кайрылуу жасады

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды "Манас" эпосунун күнү менен куттуктады. Анын кайрылуусун маалымат кызматты таратты.
Анда жалпы кыргыз элине бул даталуу күндүн маанилүүлүгү белгиленип, эпосту жайылтуу багытында жасалып жаткан иштер тизмектелген.
"Манас" үчилтиги – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды", — деп айтылат куттуктоодо.
Өлкө башчы Улуттук илимдер академиясында, "Манас" улуттук академиясында, Кыргыз улуттук "Манас" театрында эпосту изилдөө, жайылтуу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатканын белгилеген. Ошондой эле ал Таластагы "Манас Ордо" комплексин жаңылоо боюнча долбоорлор иштелип жатканын кошумчалады.
Радио
Улуттук "Манас" театрынын филиалы чет өлкөлөрдө ачылууда