Өлкөдө расмий түрдө 54 миң адам жумушсуз катары каттоодо турат. Бул тууралуу Гүлмайрам Автандил кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жумушсуздукту жоюу иштеринин алкагында жарандар кыска мөөнөттөгү кесиптик курстарга жөнөтүлүп турат.
"Өлкөдө жалпы 75 603 адам жумушсуз болсо, анын 54 миңден ашууну расмий түрдө иши жок катары каттоодо турат. Алар акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга, кыска мөөнөттүү кесиптик курстарга жөнөтүлүп, жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөнөт. Жумуш менен камсыздоо багытындагы активдүү чаралардын бири социалдык контракт долбоору. Анын алкагында быйыл 20 миң адам менен социалдык контракт түзүп, 100 миң сомдон грант түрүндө каражат берүү пландалган. Жыл башынан бери 19 500 адам менен келишим түзүлдү. Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматы боюнча министрликтин көмөгү менен быйыл 13 523 адам ишке орношкон. Ал эми социалдык келишимди кошо жалпы айтсак, 42 миңден ашуун адам министрликтин көмөгү менен жумуштуу болушту", — деди Автандил кызы.
Ошондой эле ал жарандарды жумуш менен камсыздоо үчүн активдүү аракеттер уланып жатканын кошумчалады.