БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу иштери аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 4-декабрда, Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан.
Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылды.
"Бүгүн кыргыз-тажик чек арасын толугу менен тактап бүткөн делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу болду. Бул тарыхый учур. Мындан ары юридикалык кадамдар калды. Эми парламенттен ратификацилоо, президенттердин кол коюусунан кийин чек ара маселесине чекит коюлат деп ойлойм", — деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 950 чакырымдан арбыныраак.