БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. НАТО тарабынан Россия жана Беларусь аймагына гипотетикалык кол салуусу дагы жеткен акылсыздык. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.
Журналисттин НАТО күчтөрүнүн Россиянын батыш аймактарына жана Беларуска басып кирүү ыктымалдыгы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Тасмагамбетов ЖККУ чыгыш Европадагы кырдаалга көз салып жатканын белгиледи.
"Биз Беларусь менен Россиянын батыш чек араларына жакын НАТОнун чабуул коюучу инфраструктурасынын жайгашуусун, аскердик активдүүлүктүн күчөшүн көрүп жатабыз. Азыркы геосаясий абалдан улам эч бир сценарийди четке кагууга болбойт", — деди Тасмагамбетов.
Анын айтымында, Россиянын өзөктүк доктринасына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле дүйнөдө аналогу жок "Орешник" гиперүндүү системасынын согуштук шарттарда сыналышын потенциалдуу каршылаштар эске алууга тийиш.
"НАТОнун Беларусь жана Россиянын батыш аймактарына чабуул жасарын элестетүү дагы жеткен акылсыздык болот," — деп жыйынтыктады сөзүн Тасмагамбетов.