БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандын импортко көз карандылыгы 38 пайыз, бул —ЕАЭБдеги эң төмөн көрсөткүч. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбеков Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"Уюм жалпысынан цитрус өсүмдүктөрүнө кыйла көз каранды. Бул жагынан Кыргызстанда эң төмөнкү көрсөткүчтөр. Жалпысынан бизде азык-түлүк баалары башка өлкөлөргө салыштырмалуу 11-12 пайызга арзан", — деди Замирбеков.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда азык-түлүк Казакстанга салыштырмалуу 14,7 пайызга, Россияга салыштырмалуу 15,2 пайызга арзан экенин билдирген.