Баткенде биринчи жолу денеге бычак тийгизбей жүрөккө операция жасалды

Sputnik
Шпигельное названиеБаткенде биринчи жолу жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна операция жасалды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, операция заманбап аппараттардын жардамы менен кан тамыр аркылуу жасалган. Бул ыкма бейтаптын денеси кесилбегени менен өзгөчөлөнөрү белгиленди.
"Бейтап төрт балалуу 38 жаштагы аял. Ал буга чейин бөйрөгү ооруп гемодиализ процедурасын алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу операциялары пландалган. Ошондуктан дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция жасоо чечимин кабыл алган", — деп айтылат маалыматта.
Медиктер учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык экенин кошумчалашты.
Бишкекте бетон аралаштыргыч адамдын колун жулуп кетип, дарыгерлер тигишти