УКМК баңгизат саткан эл аралык топтун ишине бөгөт койду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россия — Казакстан — Кыргызстан каттамы боюнча ири өлчөмдө синтетикалык баңгизат ташып саткан топтун 9 мүчөсү кармалганын УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар интернет дүкөн аркылуу иштеген кыргызстандыктар болгон.
"Тинтүү учурунда алмагы 8 килограмм 700 грамм, жалпы баасы 52 миллион 200 миң сомдук "мефедрон", "клефедрон" жана "туз" сыяктуу синтетикалык баңгизаттар алынган. Кармалгандар баңгизат таратып, алгандан кийин төлөй албай карыз болгондорду күч колдонуп жазалап келгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Топтун кармалган мүчөлөрү убактылуу кармоо жайына киргизилди
Баңгизатка байланышкан кылмышка жеңилдик колдонулбайт. Мыйзам долбоору