Маалымат борбор

Министрлик зарылдык болсо аймактарда эт саткан социалдык жайларды ачууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Муктаждык болсо бардык региондо эт саткан социалдык аянтчалар уюштурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбеков Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы үч чоң базарда (Ош, Аламүдүн жана Орто-Сай), ошондой эле Ош шаарында социалдык аянтчалар иштейт.
Буга чейин бааны турукташтыруу максатында эт саткан социалдык пунктулар ачылган. Айыл чарба министрлиги ал жакта уй эти 550 сомдон сатылып жатканын айтууда.
Маалымат борбор
Импорттон көз карандылык боюнча ЕАЭБдеги эң төмөн көрсөткүч Кыргызстанда