Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Батыш Зеленскийди күнөөлөгөнгө шылтоо издеп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Батыш өзүнүн жасаган кылмыштарын Украинага жана украин элине оодара салуу үчүн шылтоо издеп, себептерин даярдап жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды.
Өкүл мындай пикирин НАТОнун мурдагы катчысы Йенс Столтенбергдин Украина согуш отун өчүрүү үчүн "аймагын берүүсүнө" жасаган комментарийинде билдирди.
"Батыштагылар акырындык менен күнөөнү Зеленскийге, Киев режимине, жалпы эле Украинага жүктөгөнгө өттү. Алар элди күнөөлөгөнгө чейин жетет деп ойлойм... Өздөрүнүн кылган кылмыштары, Россияны "стратегиялык жактан жеңүү" деген акылга сыйбаган криминалдык философиясы үчүн Украинаны айыптоого негиз даярдай башташты. Чү дегенде эле баарын Украина жарандарына оодара салышат", — деген Захарова шаршемби күнү берген брифингде.
Буга чейин Столтенберг тынчтыкка эртерээк жетүү үчүн Украина айрым аймактарынан "убактылуу" баш тартарын божомолдогон. Муну менен Киев коопсуздук кепилдигин алышы керектигин белгилеген. Анын айтымында, кепилдикке альянска мүчөлүк кириши мүмкүн, ошол эле убакта башка нерселер да камтылышы ыктымал.
Июль айында РФ президенти Владимир Путин Украинада согуш отун каршы тараптын макулдугусуз токтотуу мүмкүн эместигин жар салган. Билдирүүдө Россия атышууну токтотуу мезгилин экинчи тараптын күчтөнүп алуу үчүн пайдалануусуна жол берилбей турганы белгиленген. Муну менен катар Путин Украинанын НАТОго мүчөлүгү өлкөнүн коопсуздугуна чоң коркунуч келтирерин кошумчалаган. РФ лидери Киевдин альянска мүчө болуу ниети атайын аскердик операцияны баштоого негиз болгон себептердин бири экенин айткан болчу.
Украин армиясынын Курск облусуна жасаган террордук кол салууларынан кийин РФ лидери Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү мүмкүн эмес деп атаган. "Жай жарандарга, социалдык инфраструктураларга алды-артын карабай сокку ургандар өзөктүк энергетикалык объектилерге кооптуулук жаратууга аракет кылышы да мүмкүндүгүн" айткан.
Көп өтпөй президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча сунушу, Россия мамлекетинин башчысынын бул жаатта айткандары жокко чыгарылбагандыгын, бирок "бул авантюрадан кийин" Россия Украина менен сүйлөшпөй тургандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Батыш Киевди болушунча курал-жаракка шыкап жатат