Пресс-борбор

ЖККУнун баш катчысы: Армения — союздашыбыз, бардык милдеттер сакталат

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ЖККУнун Арменияга карата милдеттенмелеринин баары сакталат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Ал журналисттин армян тарап "кайрадан жолугушууга катышпай, кабыл алынган документтер менен алдын ала макул болгонун" эске салып берген суроосуна ушундай жооп берген.
"Өнөктөштөрдүн бири жыйындарга катышпай жатканы уюмдун ишине терс таасирин тийгизген жокпу? Армениянын толук кандуу кайтып келиши үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?" — деп собол узаткан журналист.
Тасмагамбетов Армения менен ЖККУнун акыркы мезгилдеги мамилеси биринчи кезекте өлкөнүн аскердик-саясий чечиминин жыйынтыгы экенин белгилеп, Еревандын талкууга катышпаганы структуранын найтыжалуулугуна таасир тийгизбей турганын айтты.
"Армения — биздин союздаш, уюмдун ага карата бардык милдеттери сакталуу. Өлкө каалаган убагында толук кандуу форматка кайтып келе алат, эч кандай каршылык жок", — деген Тасмагамбетов.
Пресс-борбор
Евразиядагы коопсуздук үчүн ЖККУ лидерлеринин чечими чоң мааниге ээ