Такер Карлсон: АКШ Россия менен согушуп жаткандай болуп турат

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Америка Россия менен кадимкидей эле согуша турган абалда, америкалыктардын көбү дүйнө тарыхта болуп көрбөгөндөй өзөктүк кармашка жакындап калганын билишкен да жок. Бул туурасында Москвага РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдон интервью алууга келген америкалык журналист Такер Карлсон айтканын РИА Новости жазды.
"Биз байкалбай эле Россия менен кадимкидей кармаша турган, жарыяланбаган согуштун абалына келдик. Америкалыктар ал үчүн добуш берген эмес жана алардын көбү муну каалабайт, бирок ушундай жатат. Бул согуштан, мындайча алганда, америкалык аскерлер орустарды Россияда өлтүрүп жаткандыктан улам тарыхта болуп көрбөгөндөй өзөктүк согуштун босогосунда турабыз. Кариб кризиси доорундагыдан да өтүп жакындадык (өзөктүк согушка — ред)", — деген Карлсон X тармагына жарыяланган видеосунда.
Кариб кризиси: дүйнө өзөктүк согуштун босогосуна кантип жетип калган. Видео